Лицейде сабалган окуучунун укугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлдү
RU

Лицейде сабалган окуучунун укугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинде орун алган окуяга байланыштуу балдардын укуктарын коргоо боюнча комиссия түзүлгөнүн маалымдады.

Учурда жеринде анализ алуу үчүн даярдыктар жүрүп жатат. Бул окуя Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан териштирүүгө алынып, Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө.

Белгилесек, окуя 22-январда саат 22:30 чамасында орун алган. Кийин "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги жабыр тарткан балдар менен алардын ата-энелеринен кечирим сурап, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана мугалим иштен бошотулгандыгын билдирди. Ошондой эле директордун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында караларын маалымдашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15390