Балыкчыда окуучуну сүзгөн окуя боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоду
RU

Балыкчыда окуучуну сүзгөн окуя боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчы шаарында 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен жол кырсыгы боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, факты боюнча 144-берене ("Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иш ачылды.

Ошондой эле аталган факты боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 312-берене ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу - этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун") менен кылмыш иши козголгон.

Ысык-Көл прокуратурасы бул кылмыш ишин тергөөнү УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырды.

Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө, анын жүрүшү башкы прокурордун көзөмөлүндө турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15412