Ташиев бардык "каралардын" жана бандиттердин баштары кесилээрин убадалады
RU

Ташиев бардык "каралардын" жана бандиттердин баштары кесилээрин убадалады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өзүн кылмышкер катары көрсөтүүгө аракет кылгандардын баарынын башын кесип салууну убада кылды. Бул тууралуу ал Жалал-Абад облусунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

"Бандиттер менен уюшкан кылмыштуу топторго келсек, мен аларды түп тамырынан бери жок кылабыз деп билдирем. Кыргызстанда кылмыш болбошу керек, биздин мамлекетте уюшкан кылмыштуу топтор, бандиттер, көзөмөлчүлөр, кожоюндар, мыйзам уурулары болбошу зарыл. Бул жолго кошулам дегендер же өздөрүн уюшкан кылмыштуу топ, "каралар" жана башка деп эсептегендердин башын кесип алабыз, мен ачык айтып жатам", - деди Камчыбек Ташиев.

Ал эки-үч жылда эл көз карандысыз болуп, андан кийин кылмыштуу дүйнөдө жүргөндөр баш көтөрбөй калат деп эсептейт.

"Эгерде биз коомду ушинтип кармап, баардык бандиттерди жок кылсак, анда эки-үч жылдан кийин биздин коом эгемен болот. Аларды эки-үч жыл жакшылап кармасак, анан кийин бандиттердин өздөрүн көрсөтө албай калышат. Көчөдө "мен карамын", "караларга барам", "каралар менен маселени чечем" дегендер толтура. Эми андай нерсе болбойт. Мен муну толук жоопкерчилик менен айтам", - деп сөзүн жыйынтыктады УКМКнын башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15417