Касымалиев: Окуучуну сабаган "Сапаттын" мугалими дагы жети окуучуга кол көтөргөн
RU

Касымалиев: Окуучуну сабаган "Сапаттын" мугалими дагы жети окуучуга кол көтөргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Сапат" лицейинин окуучусун сабаган мугалимден дагы жети окуучу жабыркаган. Бул тууралуу 29-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.

Ал эске салгандай, 22-январда интернетте мугалим окуучуну сабаган видео тараган. Лицейде 24-25-январь күндөрү комиссия иш алып барды.

"Комиссия башка окуучуларды суракка алып, мугалимдин аракетинен дагы жети 10-класстын окуучусу жабыркап, ал аларды урганын аныктады", - деди министрдин орун басары.

Анын айтымында, окуучулардын биринин мурдунан жаракат алып, кансырап жаткан; экинчиси башы айланып, оң жагындагы денесинин ооруганына даттанган.

Касымалиев лицейдин мугалими жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары кызматтан алынганын кошумчалады.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов мугалимге карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголуп, ал кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин эске салды. Бирок ИИМ жетекчисинин орун басарынын айтымында, сот аны үй камагына чыгарган.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мугалим окуучуну ур-токмокко алган видео тараган. Кийинчерээк бул эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин филиалдарынын биринде болгондугу белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15428