Лицейдеги окуучуну урган мугалим кармалды
RU

Лицейдеги окуучуну урган мугалим кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" эл аралык лицейинде окуучуну урган мугалим кармалды. Бул туурасында Баткен ОИИБден билдиришти.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 35 жаштагы Г.О. аттуу мугалим 22-январда саат 22:30 чамасында 16 жаштагы окуучу уктоочу бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, катуу күлгөндүктөн аны коридорго алып чыгып, бетине ургандыгы такталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ал эми окуучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кол көтөргөн 35 жаштагы мугалим убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда дагы башка окуучулардын токмоктолушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, тергөө иштери башталганы маалым болду.

Окуучунун сабалышы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги комиссия түзүлгөнүн, бул иш Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө экенин маалымдады.

Ал эми "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги жабыр тарткан балдар менен алардын ата-энелеринен кечирим сурап, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана мугалим иштен бошотулгандыгын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15395