Кыргызстандыктар үлүштүк катыш менен ипотекага үй ала алышат. Жарлыкка кол коюлду
RU

Кыргызстандыктар үлүштүк катыш менен ипотекага үй ала алышат. Жарлыкка кол коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Министрлер кабинетине "Мамлекеттик ипотекалык компанияга" жер участокторун мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүнү тапшырды. Бул туурасында президенттин элди социалдык батирлер менен камсыз кылууну жөнгө салууга багытталган жаңы жарлыгында айтылат.

Өлкө башчы жарлыктын максаты боюнча социалдык тармактагы баракчасына түшүндүрмө калтырды. Анда буга чейин батирлер мамлекеттик кызматкерлерге "Мамлекеттик ипотекалык компания" аркылуу узак жылдарга берилип келсе, эми мындан ары бардык жарандар – мигранттар болобу, базарда иштегендер болобу же башка тармактарда болобу, айтор, бардык катмарга берилет дейт.

"Биз азыркы убакта кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге 20-25 жылга чейин ипотекалык үйлөрдү берип жатабыз.

Эми мындан ары мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз үлүштүк катыш менен батир ала алгыдай шарттарды түздүк.

Мисалы батир алууну каалаган жаран батирдин жарым баасын алдын ала төлөп, калган жарым баасын 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта төлөө менен ала алышат.

Батирдин жарым баасын төлөгөндөн кийин бир же эң көп дегенде эки жылда өз батирине ээ болуп, кирип жашоого мүмкүнчүлүк алышат. Менин МИКке койгон талабым ушундай!", - дейт президент.

Садыр Жапаров эмне үчүн үлүштүк катыш менен батир алуу шарты түзүлүп жатканын мындайча түшүндүрдү.

"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кечээ жакында алдамчы компаниялар элдин акчасын үлүштүк катыш катары чогултуп алып же батирден жок же акчаларын кайтарып бере албай качып жүргөндөрүн көрүп, ушундай чечимге келдим.

Мындан ары жарандардын батир алуу маселесин МИК аркылуу мамлекет колго алабыз.

"Мамлекеттик кызматкерлерге берген эле шарттар менен баштапкы төлөмү жок эле берсе болбойбу" деген суроолор жаралышы мүмкүн.

Бүгүнкү күндө үйлөрдү массалык түрдө курууга мамлекеттин күчү жетпей жатканын ачык айтышым керек. Ошондуктан азырынча үлүштүк катышка мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбызга жогорудагыдай шарттар менен берип туралы", - дейт президент.

Өлкө башчы мамкызматкерби же жөнөкөй жаранбы, бирдей шарттар менен 20-25 жылга алдын ала төлөмү жок эле батир алган мезгилге да жете турган учур келерин белгиледи.

Келечекте үйгө муктаж болгон жарандарды батир менен камсыз кылуу үчүн өлкөнүн бардык аймактарында: 40 район борборунда, 32 кичи шаарда, 7 облус борборунда МИК аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери башталат.

"Биз айдоо жерлерибизди сакташыбыз кажет. Жер там салып туурасынан эмес, көп кабаттуу турак үйлөрдү куруп, бийиктикке карай өсүшүбүз абзел. Кыргызстан – тоолуу өлкө. Ансыз да түздүк жерлерибиз аз. Дүйнөдө адам саны өсүп, жер тарып баратканы баарыбызга маалым. Тамак-аш коопсуздугубузду жана келечек муунду да ойлойлу", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15440