Мамлекеттик ипотеканы күткөндөргө батирлер тапшырылды
RU

Мамлекеттик ипотеканы күткөндөргө батирлер тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүчү батирлер тапшырыла баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 11-декабрда алгачкы батирдин ээлерине ачкычтар тапшылырды. Батир Бишкектин Анкара көчөсүндө жайгашкан.

Ачкычты тапшыруу аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

"Мамлекеттик ипотекалык компания ААК менен Керемет Банк ААКтын ортосундагы биргелешкен долбоордун алкагында көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады. Бул долбоор Минитсрлер кабинетинин "Арзан ипотека" багыты боюнча "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында жүзөгө ашырылды", - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө канча адам канча батир алганы айтылган эмес.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын жай айында Мамлекеттик ипотекалык компания уставдык капиталын 19,2 миллион сомго көбөйткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15118