Башпрокурор кримтөбөл Көлбаевдин өлтүрүлүшүндө мыйзам бузуу такталбаганын айтты
RU

Башпрокурор кримтөбөл Көлбаевдин өлтүрүлүшүндө мыйзам бузуу такталбаганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 31-январда маалымат жыйын өткөрүп, анда Камчы Көлбаевди кармоо операциясында мыйзам бузулбаганын айтты.

Айтымында, Көлбаев кармалган күнү президент Садыр Жапаров ага телефон чалып, бул иш боюнча мыйзам бузуу болуп жатабы, жокпу текшерүүнү тапшырган. Башкы прокурор менен аскер прокурору жерине барганда уюшкан кылмыштуу топтун лидери жок кылынган.

"Ал куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин жок кылынган. Ал такталды. Жеринде соттук-медициналык эксперттер, дарыгерлер болгон. Ошол күндөн тарта ишти көзөмөлгө алып, Көлбаевди кармоо жана жок кылуунун канчалык мыйзамдуу экенин карап чыктык. УКМК кызматкерлеринин иш-аракеттеринен эч кандай мыйзам бузуу табылган жок", - деди прокурор.

"Мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаев (Асанбек) былтыр 4-октябрда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда атып өлтүрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15444