"Мыйзамдуубу, мыйзамсызбы тергелет". Садыр Жапаров Көлбаевдин өлүмү боюнча үн катты
RU

"Мыйзамдуубу, мыйзамсызбы тергелет". Садыр Жапаров Көлбаевдин өлүмү боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) 4-октябрда атайын операция учурунда жок кылынган. Анын өлүмү кызуу талкууланып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө мындан ары криминалдар болбойт дешкен.

Президент Садыр Жапаров криминалдарга каршы күрөш жана Камчы Колбаевдин өлүмү боюнча "Кабар" маалымат агенттигине пикирин билдирди.

Айтымында, кримавторитеттин өлүтүрүлгөнү боюнча алгачкы маалыматты интернет булактарынан көргөн.

"Мен деле алгачкы маалыматты силер сыяктуу интернет булактарынан көрдүм. Дароо эле башкы прокурорго чалып: "Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи" деп жибердим. Ал барып, жеринен көрүп мага кайра чалды. "Атышуу болуп кетиптир, өлүм бар экен, жарадарлар бар экен" деп.

Операция кандай болгон, мыйзамдуубу же мыйзамсызбы тез арада тергөө иши жүргүзүлсүн деп иш аскер прокуратурасына берилди. Азыр тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтөлү.

Негизи өнүккөн мамлекеттерде "кримдүйнө" деген түшүнүк жок. Ошол үчүн өнүгүп жатышат. Албетте криминалдык чөйрө мамлекеттин эле эмес, жарандардын, инвесторлордун да ишмердигине терс таасир этет. Каракчылык заманды унутуш керек. Азыр эшикте 21-кылым. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Кимдир бирөөнү бирөө карактаса сөзсүз түрдө күч органдарына кайрылыш керек. Биз тез убакытта өнүккөн мамлекетти курушубуз керек. Ансыз деле алыс барбай эле коёлу, кошуна мамлекеттерден бир канча жылга артта калып кетиптирбиз", - дейт президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14734