Бишкек ЖЭБде түндө авария болуп, 5 адам жабыркады
RU

Бишкек ЖЭБде түндө авария болуп, 5 адам жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык ЖЭБинде авария болуп, 5 жумушчу жабыркады. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда авариянын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Такталгандай, ЖЭБдеги авария 2-февралда саат 03:00 чамасында катталды.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Түнкү нөөмөттө турган 3 кызматкер жаракат алып, ооруканада. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.

Бирок шаардын жылуулук режимин сактоо максатында ысык суу берүүдө чектөө киргизилет.

"Урматтуу шаардыктар, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алыныздар", - дешти энергетика министрлигинен.

Бишкек шаардык билим берүү департаменти ЖЭБдеги аварияга байланыштуу мектеп, бала бакчаларды 6-февралга чейин онлайн иштөөгө өткөрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15453