Бишкек ЖЭБдеги жарылуудан улам чыккан өрт толук өчтү
RU

Бишкек ЖЭБдеги жарылуудан улам чыккан өрт толук өчтү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ЖЭБдеги жарылуудан улам чыккан өрт толук өчүрүлдү. ӨКМдан билдиришкендей, жалпы 6 бөлүм жана 1 бөлүм тартылган.

Өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен ЖЭБдин 3 кызматкери жабыркап "Тез жардам" кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилди дешет министрликтен.

Энергетика министрлиги Бишкек ЖЭБдеги авария 2-февралда саат 03:00 чамасында катталганын расмий маалымдады.

Учурда жеринде штаб түзүлүп, Бишкек ЖЭБдеги жарылуудан улам чыккан өрт толук өчүрүлүп, кесепеттерин тез арада жоюу боюнча ыкчам топ түзүлүп иш алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15455