ЖЭБдеги авариядан улам Бишкекте ысык суу өчүрүлдү
RU

ЖЭБдеги авариядан улам Бишкекте ысык суу өчүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Жылуулук электр борборундагы авариядан кийин шаар тургундарына ысык суу берүү токтотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, бул ЖЭБ менен жылуулук тармактарынын ишин камсыз кылуу үчүн жасалган.

Ошондой эле Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин жоюу, анын ичинде иштен чыккан жабдууларды калыбына келтирүү боюнча ыкчам штаб түзүлгөнү маалым болду. Бишкектин тургундарына электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип жатканын Энергетика министрлиги белгилейт. Штаб жарандардын үйлөрүнө жылуулук берүүнү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Маалым болгондой, 2-февралда түнкү саат үчтө болгон кырсыктын кесепетинен ишкананын үч кызматкери жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15456