Бишкек ЖЭБинде аварияда жабыркагандардын экөө реанимацияда. Абалы оор
RU

Бишкек ЖЭБинде аварияда жабыркагандардын экөө реанимацияда. Абалы оор

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек жылуулук электр борборунда авариянын кесепетинен беш жумушчу жабыркады. Бул тууралуу Kaktus.media тез жардам станциясынан билдиришти. ЖЭБдин төрт айдоочусу ооруканага жаткырылганы, бирине жеринде жардам көрсөтүлгөнү такталды.

Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги 2-февралда саат 04:30дар чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунан шаардык тез жардам ооруканасына беш жабырлануучу тез жардам кызматы аркылуу түшкөнүн белгиледи. Экөө канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Учурда эки жабырлануучу ар кандай даражадагы күйүк алып, реанимацияда жатат, алардын абалы өтө оор деп бааланууда. Бирөөсү күйүк бөлүмүндө, абалы орто.

Эске сала кетсек, 2-февралга караган түнү борбордун жылуулук электр борборунда авария болгон. Бардык мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15454