Үлүштүк катыш менен ипотекага үй алуунун шарттары
RU

Үлүштүк катыш менен ипотекага үй алуунун шарттары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров жарандарды социалдык батир менен камсыздоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, мындан ары батир алууну каалаган бардык жарандар алдын ала жарым баасын төлөп, үй алууга шарт түзүлөт.

Мамлекеттик ипотекалык компания үлүштүк турак жай алуучуларды, анын ичинде өлкөнүн чектеринен сырткары жерлерде иштеген жарандар тандоо талаптарын түшүндүрдү.

Кимдер катыша алат?

  • Программага катышуу үчүн арыз берген учурда 21 жаштан, ал эми ипотекалык кредиттин төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учурунда пландалган төлөм графиктерине ылайык 70 жашка чейинки болушу шарт;
  • Катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында өздүк турак жайынын жоктугу;
  • Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейин акыркы 3 жыл ичинде Кыргызстандын аймагында турак жайга менчик укугуна өтүүгө байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу.

Пайыздык чен жана турак жайдын баасы

  • Турак жай курулуштун сметасына ылайык аныкталат;
  • Смета бекитилгенден кийин сайтта баасы жана пайыздык чени жайгаштырылат.

Ипотеканын мөөнөтү

  • 15 жылга чейин.

Баштапкы төлөм турак жайдын наркынан 50% кем эмес болушу керек

  • 20% курулуштун алдында берилет;
  • 20% курулуш учурунда ай сайын же квартал сайын төлөнөт;
  • 10% курулуш бүткөндө төлөнөт.

Программага катышуу үчүн электрондук арыз МИКтин электрондук порталы аркылуу берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15497