Китепканачыдан депутаттыкка жол. Нарын шаардык кеңешинин депутаты Айгүл Муканова
RU

Китепканачыдан депутаттыкка жол. Нарын шаардык кеңешинин депутаты Айгүл Муканова

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмне үчүн Кыргызстанда саясий өнөктүккө катышып, мамлекеттик кызмат, министрлик жетектеген айымдардын саны аз? Саясаттагы айымдардын санын көбөйтүү үчүн эмне тоскоолдуктар бар? Стереотиптер канчалык коомго таасир берип жатат жана аны жоюу үчүн эмне кылуу керек? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Kaktus.kg редакциясы аймактардагы жергиликтүү депутат айымдардын мисалында көйгөй, менталитетке карабай саясатка аралашып жаткан айымдар жана алардын коомго болгон пайдасы жөнүндө баяндоону улантат.

Айгүл Муканова Нарын шаардык кеңешинин депутаты. Китепканада 20 жылдан ашуун иштеген. Алгач, каармандн депутат болом деген ою жок болгон.

Китепканачылыктан депутаттыкка жол

Нарын шаардык кеңешинин депутаты Айгүл Муканова депутаттыкка аттанууга сунуш түшкөн маалда атаандаштарынан коркконун айтты. Аны жергиликтүү эл колдойт деп ойлогон да эмес.

"Шаардык кеңеште деле атаандаштык жогору болду десем жаңылышпайм. Себеби, атаандаштарымды көрүп коркуу сезими пайда болду. Анткени, мени менен бирге окуу тарбия жетекчилери, элге таанылган адамдар талапкерлигин коюшкан. Мен китепканада эле иштесем өтөт болдум бекен деп ойлондум", - дейт ал.

"Коомдо аял очоктун жанында, үй-бүлөнүн кашында болсун деген түшүнүк бар"

Айгүл Муканова депутаттыкка аттанганы коомдогу көптөгөн стереотиптерге кабылганын белгиледи.

"Саясатка эмнеге келет? Аялдын орду үйдө деп айтышты. Бирок мен ага кошулгум келбейт. Себеби, аял үйдө мээрман эне болсо, сүйүктүү жар болсо - коомго да зор күч берет. Учурда жер-жерлерде социалдык маселелер өтө көп. Ошол көйгөйлөрдүн барын аял - эне катары жүрөгү менен сезип, көзү менен көргөндөн кийин ошол маселени чечкенге аракет кылат экен", - деди Нарын шаардык кеңешинин депутаты.

Депутат айым депутаттык милдети менен кожейкеликти айкалыштырып, убакытты туура пайдаланса эле бардыгына жетишсе болот деп эсептейт. Кошумча, ага балдары, жолдошу жардам берип, колдоо көргөзүп, эң башкысы түшүнүү менен мамиле кылышат.

"Үйдө кээде жетишпей калганда менин ордума үй жумуштарын балдарым жасап коет. Үйдө аз эле учур болуп калган учурлар болот. Эртерээк бошосом, үй жумуштарын эрте келип жасаганга аракет кылам", - дейт ал.

Айгүл айым жаңы депутат болгондогу сезимдери менен да бөлүштү.

"Жаңы депутат болгондо балдарым үйдө болуп жатты. Мен өзүм шайлоо тилкесинде жолдошум менен чоогу добуштардын жыйынтыгын күтүп жаттым. Көп өтпөй штабдан чалышты. Өзүм бир кызыктай болуп жаттым. Сүйүнгөнүм билинбейт. Жолдошума чуркап чыгып эле штабга чакырып жатышат, өттүң деп жатышат дедим. Экөөбүз штабга барсак, өнөктүтөн өткөнүмдү айтып, куттукташты", - деп кошумчалады Нарын шаардык кеңешинин депутаты.

Айгүл Муканова айымдар да жоопкерчиликти сезе билет деп эсептейт. Ал саясаттагы айымдарга байланыштуу стереотиптерди иш менен гана жойсо болот деп кошумчалады.

"Айымдарга карата көптөгөн стереотиптер айтылат. Аялдын орду үйдө деген создөр арбын айтылат. Бирок, аны өзүңдүн ишиң менен көргөзүп, стереотиптерди жойсоң болот. Мен башка айымдарды да өзүнө ишенип, саясатка айымдардын көбүрөөк аралашышын каалайт элем", - деп сөзүн жыйынтыктады депутат Айгүл Муканова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15500