Чүйдө айдоочу бир жылда 500дөн ашык жол эрежесин бузган
Чүйдө жол эрежесин 529 ирет бузган айдоочу аныкталды. Бул туурасында облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына билдиришти.
Белгилүү болгондой, 8-февралда саат 08:40 чамасында Жайыл районун Сосновка өткөрмө постунан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда 2023-жылдын ичинде 529 жолу жол эрежесин бузганы аныкталган.
Эреже бузуулар "Коопсуздук шаар" боюнча коюлган камераларга түшүп калган. Жалпы айыптын суммасы 694 миң 800 сомду түзгөн. Жыйынтыгында Mercedes-Benz унаасы убактылуу короо жайга токтотулду.
Белгилесек, 2022-жылдын май айынан тартып, 2023-жылдын ноябрына чейин 755 жолу жол эрежесин бузуп айдоочу "Коопсуз шаар" долбоору аркылуу орнотулган видео байкоого түшүп калган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/15503