Президент "колунан планшети түшпөйт" деген сындарга жооп берди
RU

Президент "колунан планшети түшпөйт" деген сындарга жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровду бардык иш-чаралардан планшет же ноутбук колдонгонун көрүүгө болот. Президент "Кабар" агенттигине "колунан планшети түшпөйт" деген айрым сындарга жооп берди.

Өлкө башчы ноутбук, планшетти 2007-2008-жылдардан бери колдонорун айтат.

"Ал кезде интернетке кирип туруш үчүн көбүнчө Айфон (iPhone) телефондорун колдонот элем. Кийинчерээк айпад (IPad), ноутбук колдонгонго өттүм. Көп иштерди аткарууда бул заманбап техникалар абдан ыңгайлуу. Кагаз-калемдин кереги жок. Ичинде бардык маалыматтар бар. Архивди ачып бир сыйра карасаң, тээ 5-10 жылдан берки керектүү маалыматтарың сакталуу турат. Дайыма жаныңда, каалаган убакта каалаган маалыматыңды, каалаган материалыңды таап аласың.

Мындан сырткары "заметкага" күнүмдүк иштерди белгилеп жазып койсоң, ал эч нерсени унуттурбайт. Эртең менен ача салып, "бүгүн өкмөткө, министрликтерге жана аймактарга кайсыл тапшырмаларды бериш керек, кандай иштерди жасашыбыз керек, ички-тышкы саясатта кандай маселелерди аткарышыбыз керек" деп белгилеген эскертмелерди карап, ишиңди ирээттеп турасың. Ошого жараша баарына тапшырмаларды бересиң. Иштер тез-тез бүтөт.

Андан сырткары "Кумтөр" сыяктуу бир топ мамлекеттик стратегиялык мекемелерди, бажы постторун, Кырдаалдык борборду ушул жерден эле онлайн режимде түздөн-түз көрүп турам. Мунун артыкчылыктары ушунда.

Биз эми 21-кылымда жашап жатабыз да. Өкмөттө иштегендердин баарына "кагазды унуткула, санарипке өткүлө" деген талапты 2 жылдан бери коюп келатам. Тилекке каршы, айрым министрликтер эмдигиче толук өтө алышпай, аксап келатышат.

Ал эми "колунан планшети түшпөйт" дегендер – замандан артта калгандар, компьютердин, заманбап техникалардын баркын билбегендер. Андайларга көңүл деле бурбайм", - деди президент.

Ошондой эле кыска убакытын ичинде өкмөттү электрондук форматта иштөөгө толук өткөрөрүн кошумчалады. "Кызматкерлер кагаз көтөрүп министрликтер менен Администрациянын ортосунда чуркап жүрө беришпей, электрондук вариантка өтүшү керек. Ошондо кагаз-калемге кеткен чыгым да, аны менен кошо убакыт да үнөмдөлөт", - дейт Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15519