Президенттин эскертүүсүнөн кийин айрым мамлекеттик кызматтар санарип форматка өтүштү
RU

Президенттин эскертүүсүнөн кийин айрым мамлекеттик кызматтар санарип форматка өтүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров буга чейин бир катар министрликтерге жана мамлекеттик органдарга санарип форматка өтүүнү эскерткен. Ал тиешелүү кызматтар санариптештирүүнүн жүрүшү жана аны активдүү ишке ашыруу үчүн муктаждыктары тууралуу маалымат берилбесе аларга тиешелүү чара колдонуларын айткан.

"Буга байланыштуу мамлекет башчысынын эскертүүсүнөн кийин бардык министрликтер жана мамлекеттик органдар Санариптик өнүктүрүү министрлигине тиешелүү маалыматтарды бергенин маалымдайбыз", - дейт президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Белгилей кетсек, мамлекеттик башкаруу системасын санариптештирүү процесси өлкөнүн жогорку жетекчилигинин артыкчылыктуу багыты болуп саналат жана ал президент Жапаровдун көзөмөлүндө турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8194