Чолпон-Атада улгайган адамдан 6 миң доллар талап кылганга шектүүлөр кармалды
RU

Чолпон-Атада улгайган адамдан 6 миң доллар талап кылганга шектүүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон-Атада 2 киши улгайган тургундан 6 миң доллар опузалап талап кылганга шектелүүдө. Алар талап кылынган сумманын бир бөлүгүн - 100 миң сомду алып жатканда колго түшүрлдү.

УКМКнын маалыматына караганда, В.А.И. жана Х.Р.Р. аттуу жарандар тиешелүү каттоо жана нотариалдык органдарындагы байланыштары аркылуу кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугунан ажыратуу коркунучу менен улгайган адамдардан акча опузалап талап кылышкан.

Кылмышка шектелип кармалгандар Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жогорудагы жарандардын алдамчылык аракеттеринен жапа чеккендер болсо Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү №148 дарегине же 0392251180, 0555540052 байланыш телефон номерлери аркылуу УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15532