Блогер Батма Жолболдуева УКМК тарабынан кармалды. Видео
RU

Блогер Батма Жолболдуева УКМК тарабынан кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан опузалап талап кылуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Батма Жолболдуева аттуу блогер кармалды.

Коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, ушул жылдын январь айында аталган блогер Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендигин видеого тарткандыгы аныкталган.

Ал Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Жалал-Абаддагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видеону Facebook баракчасына жарыялаган. Анда талапка жооп бербеген тамактануучу жайды санэпидемдин кызматкери "калкалап" жатат деген таризде маалымат калтырган.

Интернетке жүктөлгөн материалды өчүрүү үчү Санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом акча талап кылган. 6- февралда блогер УКМКнын кызматкерлери тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда блогер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Батма Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованы "этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" беренеси боюнча акталып, калган беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга пробациялык көзөмөлгө алынган. Ошондой эле блогердик ишмердүүлүгүнө 2 жылга тыюу салынган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15507