Көлбаевдин аукционго коюлган унаалары сатылды. Баасы жана тизмеси
RU

Көлбаевдин аукционго коюлган унаалары сатылды. Баасы жана тизмеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримавторитет Камчы Көлбаевдин аукционго коюлган унааларына кардар чыкты. Маркумга таандык болгон беш унаа сатылганын Kaktus.media сайтына Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинен тастыкташты.

Сатылган унаалар:

  • HYUNDAI GENESIS 2019 - 3 млн 17,4 миң сом;
  • TOYOTA LAND CRUISER PRADO 2005 - 1 млн 498 миң сом;
  • KIA RIO X-LINE 2019 – 1 млн 241,2 миң сом;
  • BMW X6 2021 - 7 млн ​​661,2 миң сом;
  • TOYOTA LAND CRUISER 100 2002 - 1 млн 187,7 миң сом.

Аукциондо 2017-жылы чыккан Mercedes-Benz S600 жана 2021-жылы чыккан BMW Alpina XB7 унааларга кардар чыккан жок.

Белгилесек, Көлбаевге таандык унаалар ушуну менен 3 жолу аукционго коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15533