Мечитке кирген кишинин банктык карталары, акчалары уурдалган. Шектүү аныкталды
RU

Мечитке кирген кишинин банктык карталары, акчалары уурдалган. Шектүү аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто мечитте уурулук менен алектенген деген жаран кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, шектүүнүн кылмыштуу аракеттери камерага жазылып калган.

Такталгандай, 3-февралда Кара-Суу РИИБине Ноокат районунун 64 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол күнү саат 13:30 чамасында Шарк айыл аймагындагы мечитке намаз окуганы киргенде илинип турган курткасынын чөнтөгүнөн паспортун, айдоочулук күбөлүгүн, банк карточкаларын жана акча каражатын (150 доллар, 17000 сом, 5000 рубль жана 10000 өзбек суму) белгисиз бирөө уурдап кеткендигин билдирген.

Арыз каттоого алынып, 205-берене (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1996-жылы туулган Р.И. кармалып, камакка алынды.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15534