Бишкекте спирт ичимдигин ичип отургандар милицияны таш менен урушкан
RU

Бишкекте спирт ичимдигин ичип отургандар милицияны таш менен урушкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте аймактык тескөөчүнү таш менен урган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 13-февралда саат 16:45 чамасында Павлова менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын аймактык тескөөчүсү кызмат өтөп жүрүп жаткан учурда, коомдук тартипти одоно бузуп, спирт ичимдиктерин ичип жаткан 3 адамга эскертүү берген. Бирок алардын экөө милиция кызматкерин таш менен уруп кирген.

Бул факты боюнча милиция кызматкери рапорт менен кайрылып, анын негизинде 280-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Р. жана 1998-жылы туулган Ы.Б. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15535