БШК депутат Абдыбахаб Боронбаевди мандатынан ажыратты
RU

БШК депутат Абдыбахаб Боронбаевди мандатынан ажыратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшыруу үчүн БШКга арыз жазган. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе комиссиянын бүгүн, 14-февралдагы күн тартибине киргизилди.

Жыйынтыгында комиссия мүчөлөрү Боронбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотууга макул добуш беришти.

Боронбаев "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат болуп шайланган. Депутаттык мандат алганга чейин Бажы кызматында бир катар жумуштарды аркалаган. Соңку ирет Чыгыш-Батыш бажысын жетектеген.

2021-жылы Райымбек Матраимовдун ишинин алкагында "Коррупция" беренеси менен айыпталып, сотто күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 8 миллион сом төлөп берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15539