Эмил Жамгырчиевдин ордуна Элдар Абакиров ЖКнын депутаты болду
RU

Эмил Жамгырчиевдин ордуна Элдар Абакиров ЖКнын депутаты болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмил Жамгырчиевдин ордуна Элдар Абакиров "Альянс" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болду.

Бүгүн, 2-февралда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган орунга Элдар Абакировду депутат кылып каттады. Ага күбөлөндүрүүчү ырастама менен төш белги тапшырылды.

Эльдар Абакиров 2016-2019-жылдары Экономика министри болуп иштеген. 2020-жылы "Ата Мекен" партиясынан шайлоого катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15464