Аэропортто кармалган блогер үй камагына чыкты. Милиция анын кармалышынын себебин айтты
RU

Аэропортто кармалган блогер үй камагына чыкты. Милиция анын кармалышынын себебин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Манас" аэропортунда кармалган "Эл билсин" YouTube каналынын автору Али Эргешев үй камагына чыкты. Бул туурасында редакцияга Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициядан Али Эргешовдун кармалышынын себебин да түшүндүрдү. Белгилүү болгондой, 1988-жылы туулган М.М. милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2023-жылы 24-майда саат 15:30 чамасында Э.А. аттуу жаран Жалал-Абад шаарынын сотунун имаратына кирип баратып аймактык соттун талаптарына баш ийбей, кийип турган формасына асылып, погонун жулуп алгандыгын билдирип, мыйзам чегинде жоопко тартып берүүнү суранган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 280-берене "Бейбаштык" менен катталып, кылмыш иши козголгон.

1995-жылы туулган Али Эргешов тергөөгө келбей жашынып жүргөндүгүнө байланыштуу 2023-жылдын ноябрь айында Жалал-Абад шаардык соту тарабынан шектүүнү сырттан камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалып, издөө жарыяланган.

Ал 2024-жылдын 13-февраль күнү "Манас" аэропортуна туугандарын узатып барганда кармалып, Жалал-Абад шаарына жеткирилген.

Бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15551