Садыр Жапаров мүлктөрүн ачыктап, баасы 20 млн доллардын тегереги экенин айтты
RU

Садыр Жапаров мүлктөрүн ачыктап, баасы 20 млн доллардын тегереги экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров былтыр чуулгандуу "Жашырылган мүлктү мыйзамдаштыруу" мыйзамына кол койгон. Президент аталган мыйзамдын алкагында биринчилерден болуп мүлкүн ачыкка чыгарды.

Өлкө башчы Facebook баракчасына көп кабаттуу 1 имараттын сүрөтүн жарыялап, жалпы бардык мүлктөрүн 20 миллион доллардын тегереги деп баалаган.

"Мен 2005-жылы Жогорку Кеңешке эл өкүлү болуп бизнес чөйрөсүнөн келгем. Бул сүрөттө турган имаратты (Бишкек ш., Ибраимов көчөсү, 96). 2005-жылы жаңыдан куруп баштап, 2010-жылы бүткөнбүз. Апрель ыңкылабынан кийин "Ата-Журт" партиясынын штабы катары колдонгонбуз.

Кийин биз оппозиция болгондугубузга байланыштуу куугунтукталып, 2020-жылга чейин бул имарат толук кандуу иштебей турду. Ошентсе да жер жана имарат үчүн салыктарын өз убагында толук төлөп келдик.

2020-жылы президенттик штаб катары колдондум. Андан бери толук кандуу иштей баштады. Албетте, жогоруда айткандай, менин имараттарым да мурда башка бирөөлөргө катталган эле. Эми легалдаштыруу мыйзамынын негизинде өзүмө каттаттым. Мен өзүм башкаларга үлгү көрсөтөйүн деп биринчилерден болуп легалдаштырдым.

Легалдаштыруу үчүн мамлекетке бир миллион сом төлөдүм. Мыйзамдын талабы ушундай. Чет өлкөдө каткан акчаларым жок, болсо аларды да алып келип өзүбүздүн банктарга салып коймокмун", - дейт мамлекет башчы.

Садыр Жапаров өлкөдөгү бай адамдарга кайрылып, мүлктөрүн өздөрүнө каттатууга чакырып, мыйзам 1-июлга чейин гана күчүндө болорун эскертти.

"Ушул мыйзамдан пайдаланып, өз мүлктөрүңөрдү өзүңөргө каттап, легалдаштыргыла жана чет өлкөлөрдөгү банктарда катып жаткан акча каражаттарыңардын баарын биздин банктарга которгула. Бул мыйзамдын негизинде мамлекет силердин капиталыңардын коопсуздугуна 100 пайыз толук кепилдик берет.

Акча каражаттарыңар өз өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштесин. Мамлекетке тийген пайдасы ошол. Башка максат жок. Сурак болбойт.

Мындан ары ички инвесторлор менен чет өлкөдөн келген инвесторлор үчүн бейиштей шарттарды түзүп бергенге мамлекеттин бардык күчүн жумшайбыз", - деп белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15553