Бишкекте окуучулардын сабактары 3 күн бою ​​30 мүнөттөн болот
RU

Бишкекте окуучулардын сабактары 3 күн бою ​​30 мүнөттөн болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мектептеринде 17, 19, 20-февралда сабактардын убактысы кыскартылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти мэр Айбек Жунушалиевдин кеңешмесинин жыйынтыгында Кыргызгидрометтин такталган маалыматын эске алуу менен кыска мөөнөттүү сабактарды өткөрүү боюнча буйрук чыгарды.

Ага ылайык, 17, 19, 20-февралда биринчи нөөмөт саат 9:00дө башталат, ал эми экинчи нөөмөт саат 16:00дө бүтүшү керек, сабак 30 мүнөткө созулат.

Белгилей кетсек, бала бакчалар кадимки режимде иштеп жатат. Эгерде ата-энелер кааласа балдарын үйүндө калтыра алышат.

Мындан тышкары жеке менчик билим берүү уюмдарына аба ырайы тууралуу маалыматты эске алуу менен окуу процессин уюштуруу сунушталат.

Бардык кошумча суроолор боюнча: 0709 240 284 номерине кайрылса болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15558