Катуу суукка байланыштуу Бишкектеги мектептерде сабактардын убактысы кыскартылат
RU

Катуу суукка байланыштуу Бишкектеги мектептерде сабактардын убактысы кыскартылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында жылуулук жана электр тармактарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана шаардык кызматтарды алдыдагы аба ырайынын өзгөрүшүнө даярдоо боюнча жыйын өттү.

Белгилесек, Гидрометеорология кызматы 17-февралдан баштап аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөрүн, суук аба ырайы кыска мөөнөткө созуларын маалымдаган.

Жыйында бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБинде абал турукташып калганы белгилүү болду. Энергетикалык ишканалардын жетекчилеринин айтымында, баары штаттык режимде иштеп жатат. Катуу суук болгон учурда борбор калаанын тургундары жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздалат.

Бишкек Жылуулук электр борбору, Бишкек электр тармактар ишканасы, "Бишкекжылуулукэнерго" жана алардын авариялык-куткаруу кызматтары күчөтүлгөн режимде иш алып барат жана күнүмдүк керектелүүчү системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат.

Мэр бардык шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине шаардын ичинде болууну жана кырдаал боюнча ӨКМнин штабына билдирүүнү, ошондой эле жооптуу кызматкерлерди күчөтүлгөн режимде нөөмөткө коюуну уюштуруу тапшырды.

Шаар башчысы борбор калаанын социалдык объектилерин жана алардагы жылуулук режимин сактоону көзөмөлгө алуу милдетин койду.

Күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу Билим берүү департаментине мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү, бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалууда.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

"Тазалык" муниципалдык ишканасына жолдорду жана тротуарларды кардан жана муздан тазалоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү тапшырылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15555