Милиция кызматкерлери далилдерди бурмалаганга айыпталып, аларга 77 кылмыш иши козголду
RU

Милиция кызматкерлери далилдерди бурмалаганга айыпталып, аларга 77 кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери далилдерди бурмалап, адамдарды мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тарткан деп шектелип, аларга 77 кылмыш иши козголду. Маалыматты Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери бети ачылбаган кылмыштар боюнча жабырлануучулардын колдорун жасалмалоо менен далилдерди бурмалап, кылмыш иштерди кыскарткан жана күнөөсү жок адамдарды мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тарткан фактылар аныкталды.

Көпчүлүк учурларда уурулук фактылары боюнча жабырлануучулардын атынан тосмо арыздарын жана жарашуу келишимдерин жасалмалашып, кол коюшкан. Ошондой эле алардын көрсөтмөлөрүн жасалмалоо менен кылмыш материалдарына жалган маалыматтарды киргизишип, жарандардын жеке менчикке болгон укуктарын калыбына келтирбей, кылмыш иштерин мыйзамсыз өндүрүштөн кыскартышкан.

Ошону менен бирге аталган категориядагы кылмыш иштер боюнча кылмышка тиешеси жок адамдардын атынан жалган көрсөтмөлөрдү жасап, кылмыш ишинин материалдарын бурмалап, процессуалдык документтерге колдорун жасалмалап коюшуп, кылмыш иштерди реабилитацияга жатпаган негиздер менен өндүрүштөн кыскартышкан фактылар орун алган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата 337-берененин (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-берененин (кызматтык жасалмачылык), 358-берененин (кылмыш-жаза жоопкерчилигинен мыйзамсыз бошотуу) жана 361-берененин (далилдерди бурмалоо) негизинде 77 кылмыш иш козголду.

Тергөө жүргүзүү Аскер прокуратурасына жана УКМКна тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15559