Эгиз кыздарын сабады деп энелик укуктан ажыратылган келин президентке кайрылды
RU

Эгиз кыздарын сабады деп энелик укуктан ажыратылган келин президентке кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Араван районунда эгиз кыздарын сабаган келин президентке кайрылып, аялдардын укугун коргогон уюмдардан жардам сурайт. Ал кыздарын өзүнө алгысы келерин, чүрпөлөрүн сагынганын T-Media редакциясына билдирген.

Белгилесек, 7-февралда Араван райондук соту 22 жаштагы келинди энелик укугунан ажыратуу боюнча прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.

Кыздарын көрбөгөнүнө туура 4 ай болгонун айткан келин мурдагы жолдошу кордук көрсөткөн дейт.

"Мени аябай урчу. Кышында кызымды жылаңач кылып чечиндирип, эшикке чыгарып койгон. Ооруп калса кимге зыян деп жатып алып ыйладым. Тим кой, акыл кирет дейт. Кыздарымды аябай сагындым, кечинде кийимдерин кучактап алып ыйлайм. Аябай жакшы көрөм. Ошол учурда стресс абалында жүргөм, ачуу үстүндө кыздарымды уруп койгом. Жамандык каалап урган эмесмин, тарбиялуу болсун деп кол көтөргөм", - деди ал.

Келин президентке кайрылып, кыздарды өзүнө алып берүү үчүн жардам сурайт. "Балдарымды өзүмө алып берүүсүнө жардам көрсөтүүсүн сурайм. Кыздарым өзүмдүн колумда, жанымда жүрүшүн каалайм, жардам бериңиздер", - дейт кыздардын энеси.

*****

Эске салсак, былтыр ноябрь айында кыздарын заара ушатып койгондугу үчүн сабаган эненин видеосу тараган. Кийинчерээк келин кармалып, "Уруп-сабап кыйноо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Эгиз кыздар анын биринчи күйөөсүнөн экени, ал сабаган учурда экинчи күйөөсү менен жашап жатканы маалым болгон.

Ноябрь айынын аягында Араван райондук прокуратурасы эгиз кыздардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында келинди энелик укуктан ажыратуу боюнча Араван райондук сотуна доо арыз келтирген. Кыздар өз атасына өткөрүп берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15561