Сот эгиз кыздарын сабаган келинди энелик укуктан ажыратты
RU

Сот эгиз кыздарын сабаган келинди энелик укуктан ажыратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облсунун Араван районунда эгиз кыздарын сабаган келинди сот энелик укуктан ажыратты. Маалыматты Ош облустук сотунан Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Белгилүү болгондой, Араван райондук соту 7-февралда Араван районунун прокурорунун доосун жарым-жартылай канааттандырып, келинди ата-энелик укуктан ажыраткан.

Эске салсак, былтыр ноябрь айында кыздарын заара ушатып койгондугу үчүн сабаган эненин видеосу тараган. Кийинчерээк келин кармалып, "Уруп-сабап кыйноо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Эгиз кыздар анын биринчи күйөөсүнөн экени, ал сабаган учурда экинчи күйөөсү менен жашап жатканы маалым болгон.

Ноябрь айынын аягында Араван райондук прокуратурасы эгиз кыздардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында келинди энелик укуктан ажыратуу боюнча Араван райондук сотуна доо арыз келтирген.

Кыздар өз атасына өткөрүп берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15531