Бишкекте 50 млн долларлык футболдук стадион курулат
RU

Бишкекте 50 млн долларлык футболдук стадион курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 50 млн долларга футболдук стадион курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ошондой эле, ипподромдун ордуна "Москва-сити" же "Ташкент-сити" сыяктуу эл аралык борбор куруу пландалууда.

"Шаардыктар суктанган, коноктор көрүү үчүн барган архитектуралык ансамблдар керек. Курулуш компаниялары кутуча салып, чарчы метрлерди сатууга гана кызыгып калды. Кээ бир объектилердин таштанды челектерди койгонго оруну жок. Куруучулар бардык көйгөйлөрдү бийликке калтырып коюп жатат. Мындай кылган болбойт.

Быйыл автовокзалдарды дагы көчүрөбүз. Буга кеминде 25 млн. доллар керек. Каражат бөлүнүп жатат. Быйыл мындан тышкары, 50 миллион долларлык футбол стадионунун курулушун баштайбыз. Мэрияга таштанды өрттөгөн завод курууга жардам берүү ниетибиз бар. Быйыл Бишкекте ири объектилердин курулушу башталат. Кудай буйруса 1-2 жылда же жыл соңуна чейин бүтүрөбүз", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15567