Ташиев Кыргыз футбол союзуна жетекчи болду
RU

Ташиев Кыргыз футбол союзуна жетекчи болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчыбек Ташиевди Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болуп шайланды. Мындай чечим бүгүн, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун кезексиз конгрессинде кабыл алынды.

Эске салсак, Кыргыз футболдук союзунун президенттик кызматына бир гана талапкер - Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич көрсөтүлгөн.

Ал эми биринчи вице-президенти кызмат ордуна Н.Букуев, вице-президенти ордуна К.Абдыкадыров, А.Маматов, Д.Ералханов, Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө - А.Сакебаев, А.Салымбеков, А.Сабралиева, Б.Кочкаров, У.Ногаев, Э.Кутманов, А.Кадралиев, К.Эгембердиев, Максим Чо жана М.Ишенбаевдин талапкерлиги көрсөтүлп, учурда алардын талапкерлиги каралууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15568