Кыргыз футбол союзунун президенттигине Ташиевдин эле талапкерлиги көрсөтүлдү
RU

Кыргыз футбол союзунун президенттигине Ташиевдин эле талапкерлиги көрсөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз футболдук союзунун жетекчилигинин жаңы курамына талапкерлер аныкталды. Бул тууралуу аталган союздан маалымдашты.

7-февралда футболдук союздун Шайлоо комитетинин жыйыны болуп, анда КФСтин президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, талапкерлер арыздар 5-февралга чейин кабыл алынган.

КФСтин Шайлоо кодексине ылайык, ар бир бош кызмат ордуна бирден талапкер көрсөтүлөт. Кыргыз футболдук союзунун президенттик кызматына бир гана талапкер - Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич көрсөтүлдү. Аталган талапкерди "Талант" футболдук клубу сунуштады.

Ал эми биринчи вице-президенти кызмат ордуна Н.Букуев, вице-президенти ордуна К.Абдыкадыров, А.Маматов, Д.Ералханов, Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө - А.Сакебаев, А.Салымбеков, А.Сабралиева, Б.Кочкаров, У.Ногаев, Э.Кутманов, А.Кадралиев, К.Эгембердиев, Максим Чо жана М.Ишенбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Футбол союздун 2024-жылкы Кезексиз Конгресси 19-февралда өтө, анда жетекчиликтин жаңы курамы шайланат.

*****

Белгилесек, 29-январда Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФСтин Аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өткөн. Анда "Ак шумкардын" 2023-жылкы Азия Кубогундагы өткөргөн оюндарынын жалпы жыйынтыгын эске алып, футбол союздун президенти отставкага кетүү чечимин кабыл алган. Ошондой эле КФСтин Аткаруу комитети да ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Андан кийин Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге футбол федерациясын жетектөөнү сунуштаганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15505