Кыргыз футбол союзунун жаңы пезиденти милдеттери жана аткара турган иштери тууралуу айтты
RU

Кыргыз футбол союзунун жаңы пезиденти милдеттери жана аткара турган иштери тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун президенти болуп Камчыбек Ташиев шайланды. Ал талапкерлигин колдоп, ишеним көрсөткөн делегаттарга ыраазычылыгын билдирди.

Ташиев футбол дүйнөдөгү эң популярдуу спорт гана эмес, өлкөнүн имидждик көрсөткүчтөрүнүн бири экенин белгиледи.

"Бул спорт мамлекеттин эл аралык статусун аныктап, анын кадыр-баркына чоң таасир этет. Ошондуктан көптөгөн өлкөнүн жетекчилери футболду өнүктүрүүгө орчундуу көңүл бурушат. Биздин өлкө башчыбыз Садыр Жапаров ата мекендик футболго көз салып, аны өнүктүрүү боюнча демилгелерди ар тараптуу колдоп келет. Футболдогу соңку окуяларды баамдап турган мамлекет башчыбыз өз тынчсыздануусун билдирип, КФСке күчөтүлгөн колдоо көрсөтүүнү чечти. КФСтин жетекчилиги менен бир нече жолку жолугушууда маселелер боюнча ой-пикир алмашып, футболдун көйгөйлөрүн белгиледик", - деди ал.

КФСтин жаңы президенти буга чейин футболго мамлекет тарабынан көңүл бурулбаганын белгиледи.

"Бирок ушул жылдан тарта КФСке жетиштүү каражат бөлүнүп, колдоого алынат. Биздин иш-аракеттерибиз заматта жемишин бербей турганын түшүнүү зарыл. Натыйжалуу өзгөрүүлөр үчүн убакыт керек. Алдыбызда кадр маселеси турат. Анын ичинде машыктыруучулар менен калыстар жана футболдогу башка адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн көптөгөн иш-аракет жасоого милдетүүбүз. Өлкөнүн бардык райондорунда, облустарында техникалык базаны бекемдөө боюнча иштер күчөтүлүп, стадион менен машыгуу борборлорун куруу жана реконструкциялоо боюнча жумуштар жасалат.

Жаңы президент катары менин милдетим - биздин ишмердүүлүккө керектүү шарттарды камсыз кылуу.

Биздин мойнубузда чоң жоопкерчилик жана милдеттер бар. Андыктан ошолорду актап, ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте футбол үй-бүлөсү ичинде ынтымакты бекемдөө керек. Жаңы бийиктиктерди багынтуу үчүн баарыбыз биригүүгө милдеттүүбүз", - деди ал.

*****

Белгилесек, 29-январда Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФСтин Аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өткөн. Анда "Ак шумкардын" 2023-жылкы Азия Кубогундагы өткөргөн оюндарынын жалпы жыйынтыгын эске алып, футбол союздун президенти отставкага кетүү чечимин кабыл алган. Ошондой эле КФСтин Аткаруу комитети да ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Андан кийин Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге футбол федерациясын жетектөөнү сунуштаганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15569