Тазабек Икрмаов айрым айдоочуларды "малдан айырмасы жок болуп калды" деп сынга алды
RU

Тазабек Икрмаов айрым айдоочуларды "малдан айырмасы жок болуп калды" деп сынга алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Тазабек Икрамов унаада баратып, жолго түкүрүп, таштанды ыргыткан айдоочуларды "малдан айырмасы жок болуп калды" деди. Бул туурасында ал Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Жыйында электромобилдердин ээлерине жеңилдиктерди киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды.

"Коңшу мамлекеттер, мисалы Кытайда мындай унаалардан арылууну каалап жатышат. Себеби электромобилдердин зыяны - радиация бар экен. Биз биринчи кезекте ушул маселени чечишибиз керек. Анан дагы экологияны сактоо үчүн үчүн ар бирибиз тартип менен тарбияны өзүбүздөн башташыбыз керек.

Катуу тийсе кечирим сурайым, бирок кээ бир адамдардын малдан айырмасы жок болуп калды. Бишкектин ортосунда унаа айдап баратып, эшигин ачып балчайтып түкүрүп же тамекини таштап кетет. Керек болсо терезени ачып, таштандыларды ыргытат.

Аларга чара көрүү керек. Балким, ушундай фактыларды сүрөткө тарткан жарандарга сыйлык же кызыктыруучу нерсе берүүнү карашыбыз керек", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15576