Тазабек Икрамов социалдык тармактарда сөгүнгөн жарандарга айып салууну сунуштоодо
RU

Тазабек Икрамов социалдык тармактарда сөгүнгөн жарандарга айып салууну сунуштоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Тазабек Икрамов социалдык тармактарда уят сөздөрдү жазган, колдонгон жарандарга айып салууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал 6-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда социалдык тармактарда сөгүнгөндөрдүн видеолору жарыяланып жатат.

"Мындай видеолорду көрүүгө чектөө киргизүү керек. Ал эми жарандардын өздөрүнө 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул салуу керек. Алар менен күрөшүүнүн бирден бир жолу", - деди Икрамов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12790