Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери кармалды
RU

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Тагыраагы, башкы башкармалыктын башчысынын орун басары жана бөлүм башчы кармалганын редакцияга укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-февралда ИИМдин ички иликтөө кызматы менен УКМК тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын техникалык бөлүмүнүн бир нече кызматкерлери кармалды. Алар сый акы үчүн унааларга газ жана башка жабдууларды орнотууга уруксат берген деп шектелүүдө.

Жалпысынан төрт кызматкер кармалды. Алардын арасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Канатбек Кубатбеков жана техникалык бөлүм башчысы Адил Нефтулаев бар.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынан кийин кылмышка шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Эки адам (бири автомектептин кызматкери) бошотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15577