Баткенде бир үй-бүлө аварияга кабылып, келин каза тапты
RU

Баткенде бир үй-бүлө аварияга кабылып, келин каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен районунда жол кырсыгы катталып, келин каза тапты. Анын 4 жаштагы кызы ооруканага түшкөнүн Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Такталгандай, 19-февралда саат 22:04 чамасында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 300-чакырымында №2-Жол тейлөө ишканасына таандык ISUZU атайын унаасы жолго инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүп жаткан. Бул учурда артта келе жаткан Chevrolet Epica унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, алдыдагы унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаада жүргүнчү катары бара жаткан келин каза тапкан. Анын 4 жаштагы кызы денесинен жаракат алып, Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилген. Айдоочулар ооруканага кайрылышкан эмес. Белгилесек, унаадагылар бир үй-бүлө мүчөлөрү.

Учурда жол кырсыгы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15579