Балыкчыда унаа сүзүп кеткен кызга операция жасалды
RU

Балыкчыда унаа сүзүп кеткен кызга операция жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчыда айдоочу сүзүп кеткен 5-класстын окуучусуна операция жасалды. Маалыматты Kaktus.kg сайтына Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгери билдирди.

Учурда бейтап нейрохирургия бөлүмүндө жатат.

"Өткөн аптада бутуна операция жасалды. Баш мээсинен алган жаракаты боюнча дарылануусун ооруканада улантууда. Бейтаптын абалы туруктуу", - дейт адис.

*****

Белгилесек, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун унаа сүзүп, айдоочу жеринен качып кеткен. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Окуучунун атасы кырсыкка Балыкчы ШИИБдин башчысы күнөөлүү экенин, бирок ал жоопкерчиликтен качып жатат деп президентке, УКМКнын төрагасына кайрылган.

Бул факты боюнча Балыкчы прокуратурасы 144-берене ("Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш ишин ачып, тергөөнү УКМКнын обулстук башкармалыгына өткөрүп берген.

Жол кырсыгы боюнча Балыкчы ШИИБдин башчысы менен анын бир тууганы Бекзат Казаков (Ысык-Көл ОИИБдин участкалык инспектору болуп иштеп келген) кармалган. Бирок жабырлануучу тараптын тосмо арызынан кийин Бекзат Казаков бошотулган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15528