Ошто милициядан 150 миң сом талап кылганга шектүү кармалды
RU

Ошто милициядан 150 миң сом талап кылганга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында милиция кызматкеринен опузалап акча талап кылганга шектүү жаран кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, ал 150 миң сом опузалаган.

Такталгандай, 18-февралда Ош шаарынын Курманжан датка/Моминов көчөсүнүн кесилишинде милициянын кайгуул кызматынын кызматкери жол эрежесин бузган 1992-жылы туулган Т.М. аттуу жаранга протокол түзгөн.

Аталган жаран протокол түзгөн кызматкерди видеого тартып, анын үстүнөн арыз жазган. Арыз Ош ШИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлө баштаган. Ал эми айдоочу видеону интеретке чыгарбоо үчүн кайгуул кызматкеринен 150 миң сом акча талап кылган.

Анын аракетинде "Опузалап талап кылуу" беренесинде каралган кылмыштын курамы байкалгандыктан кылмыш иши козголгон. 20-февралда милициянын ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан "Бакыт" үйүнүн алдында 1992-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалды. Тинтүү жүргүзүү учурунда алдын ала даярдалып берилген 40 миң сом акча алынды.

Шектүү Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15587