Соттолуучуну курулушка иштеткен абак кызматкерлерине чара көрүлдү
RU

Соттолуучуну курулушка иштеткен абак кызматкерлерине чара көрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын укуктарынын камсыздалышына жана майыптуулук статусун алганга мүмкүнчүлүк берген документти кабыл алууну тездетүү боюнча мамлекеттик органдарга кайрылды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Жамиля Жаманбаевага абакта жазасын өтөп жаткан соттолуучулардын биринин жубайы кайрылган. Ал жолдошунун укуктары бузулганын айтып арызданган.

Айтымында, жолдошу өпкөсүнөн операция болгон. Тагыраагы, соттолуучудан кургак учуктун жабык түрү аныкталып, дарыгерлер операция жасап, өпкөсүнүн бир бөлүгүн алып салышкан. Операциядан кийин дарыгерлер соттолгон жаранды оор жумушка жараксыз деп чыгарып, жаза аткаруу кызматынын №43 мекемесине жөнөтүлгөн. Бирок дарыгерлердин оор жумуш кылууга тыюу салганына карабастан, жаза аткаруу кызматынын №43 мекемесинде аны оор жумушка жөнөтүшкөн. Тагыраагы, курулуш иштерине салган.

Мындан улам соттолуучунун укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен анын жубайы акыйкатчыга кайрылган.

Жамиля Жаманбаева өз ыйгарым укуктарына ылайык тиешелүү мамлекеттик органдарга улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык адам укуктарын сактоону камсыздоо талабы менен расмий кат жолдогон.

Кайрылуудан кийин соттолгон жаран оор жумуштан бошотулуп, ал эми адам укуктарынын бузулушуна жол берген жабык мекеменин кызматкерлерине карата Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги тарабынан чара көрүлгөн.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардын көңүлүн соттолгондордун укуктарын камыз кылуу көйгөйлөрүнө – эркинен ажыратуу жайларында майып статусун алууну документтештирүү маселесине бурат.

"Абакта жазасын өтөп жаткан жарандын укугу биринчи кезекте эркиндигинен ажыратуу жайларында майыптуулугун тааныган тиешелүү ченемдин жоктугунан бузулган. 2020-жылы Акыйкатчы Институту тарабынан өлкөдө медициналык-социалдык экспертизалоо жана текшерүү жүргүзүү жөнүндө анын ичинде эркиндиктен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан тараптардын арасындагы жарандардын майыптыгын таануу боюнча сунуш берилген", - деди Жаманбаева.

Акыйкатчы институту учурда Жазаларды аткаруу кызматынын абактарында тийиштүү медициналык-социалдык экспертизалоо жүргүзүлбөй келерин айтат. Бул өз кезегинде, адам укуктарын одоно бузууга алып келет.

Жамиля Жаманбаева мындай маселени 2023-жылы июнь айында Адам укуктарынын координациялык кеңешинде да көтөргөн. Бирок бул сунуштар азыркы кезге чейин аткарылган эмес.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: rfi.fr.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15598