Эмгек министринин орун басары ээлеген кызматынан бошотулду
RU

Эмгек министринин орун басары ээлеген кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Улан Чаначев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда министрлер кабинетинен кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка Акылбек Жапаров кол койгону такталды.

Белгилесек, УКМК 22-февралда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражатын мыйзамсыз пайдаланган схема аныкталып, кылмыш иши козголгонун билдирген. Кылмыш ишинин алкагында Чаначев Улан Белекович кармалган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15604