Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев 2 айга камакка алынды
RU

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев 2 айга камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Беш-Сары" ЖЧКсынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, 20-февралда Биринчи Май райондук соту УКМКнын төргөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Жолдошбаевди 19-апрелге чейин камакка алды.

Белгилесек, "Беш-Сары" ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качуу жана алдамчылык менен УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15611