Акылбек Жапаров: Салтка туура келбеген маалыматтарды интернетке таратууну чектөө керек
RU

Акылбек Жапаров: Салтка туура келбеген маалыматтарды интернетке таратууну чектөө керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынында кыргыздын каада-салтына туура келбеген маалыматтарды чектөө керектигин айтты. Ал министрликке бул боюнча мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

"Биздин үрп-адатыбызга, каада-салтыбызга туура келбеген маалыматтардын баарын чектешибиз керек. Кайната, кайненени сыйлабаган келинди, соцтармактарда атасынын кадыр-баркы менен мактанып, бөлөк бирөөнүн үйүнө барып келин болуп, кызмат өтөп, байбиче болгондун ордуна ажырашып кеткендерди үлгү катары көрбөшүбүз керек. Алардын баары социалдык тармактарга чыгып жатканы уят. Бизге деле чолок шымчан жүрбөгүлө деп атабыз үйрөтчү да, ошол сыяктуу эле келиндер да жолугун башынан түшүрбөсө. Ошонун баарын түздөй турган Маданият министрлиги. Андыктан мониторинг кылыңыздар", - деди Жапаров.

Ушул эле жыйында министрлер кабинетинин башчысы тойлорго да бирдиктүү эреже киргизүү зарыл экенин айтып, министрликке тапшырма койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15620