Акылбек Жапаров тойлорду өткөрүү боюнча бирдей эреже киргизүүнү тапшырды
RU

Акылбек Жапаров тойлорду өткөрүү боюнча бирдей эреже киргизүүнү тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият министрлигине той-аштарды өткөрүүдө бирдиктүү эрежелерди киргизүүнү тапшырды. Бул туурасында ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынында айтты.

Ал белгилегендей, акыркы кезде той өткөрүүдө жосунсуз жоруктар жасалып жатат.

"Биздин салттарыбызды, мисалы бала Нью-Йоркто төрөлөбү, Кочкордо төрөлөбү каада-салт бирдей болушу керек. Кыргыздын тою - тушоо кесүү салтанаты, кыз узатуу, келин алуу тойлору бир түрдүү болсо. Анткени азыр тамадалар тойду ар кандай алып барышат, ар бир үй-бүлө деңгээлине жараша өткөрүп жатат. Пил болсо аны деле тойканага алып кирмек. Жылкыны алып кирип жатышат. Ушундайларды иреттеп берсеңиздер", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15617