Айып пулду өз убагында төлөбөгөн айдоочуларга кошумча туум жокко чыкты
RU

Айып пулду өз убагында төлөбөгөн айдоочуларга кошумча туум жокко чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-февралдан тарта Кыргызстанда жол эрежесин бузгандар үчүн кошумча айып пулдар жоюлду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришет.

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамга ылайык, бүгүнтөн тартып жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы укук бузуулар үчүн кошумча туумдар жокко чыгарылды.

Буга чейин жол эрежесин бузуп, айып пулду кеч төлөгөн айдоочу кошумча айып төлөшү керек болчу.

"Бүгүндөн тарта айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизги айыпты гана төлөйт", - деп түшүндүрүштү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15629