Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси кызматтан бошотулду
RU

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси кызматтан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Айтымындарында, Исраилов бүгүн, 29-февралда кызмат ордунан бошотулду.

Айрым маалыматтарга караганда, ал кызматтан кетүү тууралуу арызын өз каалоосу менен жазган.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиснин орун басары Канатбек Кубатбеков менен техникалык бөлүм башчы Адил Нефтулаев коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалган. Кубатбеков бошотулуп, Нефтулаев СИЗОго киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15636