ИИМдин жетекчилик курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду
RU

ИИМдин жетекчилик курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Маалым болгондой, Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык, милициянын полковниги Азамат Исраилов өзүнүн берген билдирмесинин негизинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын карамагына алынды.

Ал эми милициянын полковниги Женишбек Жоробеков Ош ОИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды.

Ички иштер министрлигинин буйругу менен Ош ОИИБдин башчысынын милдеттерин убактылуу аткаруу милициянын полковниги Нурланбек Буркановго жүктөлдү .

Ошол эле буйрук менен Ош облусунун Араван РИИБдин башчысынын милдеттерин убактылуу аткаруу, милициянын полковниги Мирлан Ниязалиевге жүктөлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15639